Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкери блокпостто турган активисттерди коркутуп, тилдеди (видео)

Окуя Токтогулда орун алганы айтылууда

Милиция формасын кийген эркек адам блокпостто турган активисттерди коркутуп, тилдеген. Мындай видео интернетте тарап жатат.

Кызматкер карантин бүткөндөн кийин жергиликтүү тургундар менен «сүйлөшө» турганын айткан. Окуя Токтогулда болгон деп божомолдонууда.

Жалал-Абад облусунун коменданттыгы учурда окуя кайда болгону аныкталып жатканын Vesti.kg сайтына билдирди.

- Биз азырынча чын эле окуя Токтогулда болгонун билбейбиз, анткени мындай суу сактагычтар Таласта да бар, - деп такташты коменданттыкта. - Ошондой эле бул кызматкердин унаасынын номуру да Чүйдүкү экен. Биз иликтеп жатабыз.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх