Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Отжимание жаса». Кыргызстанда жаш баланы аёосуз сабап жаткан атанын видеосу тарады

ИИМ жүрөктү титиреткен видеоматериал боюнча текшерүү баштады

Социалдык тармактарда жерден түртүлүү көнүгүүсүн (отжимание) жаса деп жаш баланы аёосуз уруп жаткан эркек кишинин видеосу тарады.

Видеонун «каармандары» кыргыз тилинде сүйлөп жатышканын угууга болот.

Сабалып жаткан баланын болжолдуу апасы ыйламсырап: «Жасачы, айтканын жасап койчу» деп жерде жаткан жаш балага кайрылат.

Кадрдын аркасындагы аял эркекти милицияга берерин айткан.

КРнын ИИМнин басма сөз кызматы аталган видео текшерүүгө алынганын Vesti.kg сайтына маалымдады.

- Видео кайдан жана качан тартылганы иликтенип жатат, маалымат такталгандан кийин чаралар көрүлөт, - дешти милициядан..

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх