Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте белгисиз адам блокпостто турган милиция кызматкерин сүзүп, изин жашырып кетти (видео)

Учурда айдоочу издөөгө алынды

Бишкектин Салиева көчөсүндө «Toyota East» үлгүсүндөгү автоунааны башкарган айдоочу блокпостто турган милиция кызматкерин сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин комендатурасынан маалымдашты.

Жабыркаган тартип сакчысын «Тез жардам» кызматы № 4-шаардык ооруканага жеткирген.

«Учурда качып кеткен айдоочунун жана анын автоунаасынын жүргөн жерин аныктап, кармоо аракеттер көрүлүүдө»,- деп ташташты Бишкектин ШИИБнен.

Эльдос Казыбеков
Фото www
Видео ТГ-канал «Короче»

 

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх