Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдук аял үй карантинин талаптарын бузуп, шаарга чыгып кеткен

Милиция тартип бузууну каттап, текшерүү баштады. Мындан сырткары, 78 айдоочудан мөөнөтү өтүп кеткен же жасалма өткөрмө кагаздар аныкталды

Күн жылыган сайын Каракол шаарынын жашоочулары себепсиз көчөгө чыгып, карантиндик режимдин талаптарын бузган учурлар көбөйдү. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунун ОИИБнын жетекчиси Улан Асанбаев милиция кызматкерлерине жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчтөндүрүү боюнча буйрук чыгарган.

18 жана 19-апрелде өткөн эки күндүк иш-чаранын жүрүшүндө шаар ичинде мөөнөтү өткөн уруксат кагаздары менен автоунаа каражаттарын айдап жүргөн 78 айдоочу аныкталып, айрым айдоочуларда жасалма өткөрмө кагаздар табылган.

Бардык айдоочуларга карантиндик режимдин талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө жиберилди.

Мындан сырткары, Каракол шаарында жашаган 37 жаштагы С.Н. аттуу аял медициналык кызматкерлердин көрсөтмөсү менен үй карантинине алынганына карабастан үйүнөн шаарды көздө чыгып кеткен фактысы аныкталган.

Аталган факт Каракол ШИИБнын электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Ысык-Көл облусунун ОИИБнын басма сөз кызматы
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх