Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Арашан айылындагы блокпостто ок чыгарган адамдар аныкталды

Ок спорттук тапанчадан атылганы белгилүү болду

Арашан айылындагы блокпостто ок чыгарган адамдар табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ОИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Укук коргоо органдары тартип бузуучулар ок атуучу куралдан эмес, спорттук мелдештерде старт берүү үчүн колдонулган тапанчадан ок чыгарышканын аныкташкан. Тапанча тергөө органдарына экспертизага берилди.

- Аталган окуянын үч катышуучусунун аты-жөнү аныкталды: 1979 -ж.т. А.Х., 1984 -ж.т. А.Б. жана А.А. аттуу жарандар. Маалымат Аламедин районунун РИИБнын тергөө органдарына тийиштүү тергөө амалдарын өткөрүүгө берилди. Башка катышуучулардын өздүктөрү аныкталууда. Ошондой эле окуянын бир катышуучусу жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Чүй облусунун Арашан айылында квадроцикл айдаган белгисиз адамдар блокпосттон өтүүгө аракет кылып, ортодо чыр орун алганын маалымдаган. Алар аныкталбаган тапанчадан бир нече ок чыгарышып, окуя болгон жерден кетип калышкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх