Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Отжимание жасабайсың деп баласын сабаган Москвадагы кыргызстандык камакка алынды

Ага карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Москвада өзүнүн баласын «отжимание жаса» деп сабаган кыргызстандык камакка алынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын ИИМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу КРнын жаранына карата Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголгон.

- Москва шаарынын Кунцево районунун тергөө комитети тарабынан РФнын Кылмыш жаза кодексинин 117-беренеси (кыйноо) жана 156-беренеси (жашы жете элек балдардын тарбиялоо милдетин аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду, - деп такташты милициядан. Соттун чечими менен шектүү Ж.Э. эки айга камакка алынды.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарда жаш баласын уруп жаткан эркек кишинин видеосу тараган. Баланын ата-энесинин өздүктөрү аныкталып, алар өз кезегинде балага эч нерсе болбогонун жана экинчи мындай кайталанбай турганын айтышкан видео кайрылуу таратышкан.

Мындан сырткары, баланын апасы кош бойлуу экенин жана жалгыз төрт баланы бага албасын айтып, күйөөсүн камакка албоону суранган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 Биздин Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх