Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри мушташка байланышкан чырдын чоо-жайын айтып берди

Алмаз Бакетаевдин айтымында ал болгону мушташка түшкөн коңшуларын ажыратып койгон

Шаардык тургунду аёосуз сабалышына катыш бар деп айыпталып жаткан Бишкектин вице-мэри окуянын чоо-жайын айтып берди.
Аткаминердин айтымында чыр ал жашаган үйдүн алдында орун алган. Бакетаев мушташка катышпаганын, болгону ызуу-чууну угуп, сыртка чыгып, мушташып жаткан эки эркекти ажыратып койгонун айтты.

Вице-мэр чыр окуя болгонго чейин айтылган үйдө жашаган бир аялдын чоочун баланы уруп койгонунан башталган. Бакетаев ал аял анын уулуна да кол көтөргөнүн кошумчалады, бирок, баласы атасына ал тууралуу чырдан кийин гана айтып берген.

Ал ошондой эле чырга катышкан эркектер андан бойлору узун, күчтүү да болушкандыктан, аларды сабаганга алы да жетмек эместигин кошумчалап өттү.

Муну менен бирге Бакетаев анын ар-намысы менен абийирине шек келтирген маалыматты тараткан ЖМКды сотко берерин белгиледи.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх