Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Свердлов РИИБнын кызматкери: Аялдардын жүрүшүндө активисттерди кармагандан уялган жокмун

8-мартта өткөн жүрүштөгү чыр боюнча соттук иш кайра жылдырылды

Аялдардын тилектештик жүрүшүнүн катышуучуларынын тарапташтарын соттук отурумга киргизбей коюшту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек феминисттер уюмунун өкүлү Гуляим Айылчы билдирди.

Анын айтымында Свердлов райондук сотунун судьясы аларды коронавирус пандемиясынан улам сотко киргиздирбей койгон. Буга жооп кылып, феминисттик уюмдун юристтери ишти карантиндин аягына чейин жылдырып турууну суранышкан. Бирок, судья алардын өтүнүчүн четке каккан.

- Биринчи отурумдарга биздин тарапташтарыбызды киргизип жатышкан, бирок, баары бир сот жылып калып жатты - деп белгиледи Айылчы. - Бүгүн мурдагыга караганда азыраак киши келди. Судья иштин жыларын билип, киргизип жатты го мурда. Бүгүн тарапташтарыбызды коронавирустан улам деп киргизбей коюшту. Бирок, милиция тараптан бир киши кирди.

Соттук жыйында активист Гуляим Айылчы жүрүштүн катышуучуларын кармаган Свердлов РИИБнын кызматкеринен “кыздарды кармап кеткенден уялган жоксуңарбы?” деп сурады. Ал уялган жокмун деп жооп берген.

- Мен эмнеге милиция кызматкерлери бизди гана кармашканын сурадым, - деди Айылчы. - Ошол маалда ким коргонуп, ким кол салып жатканы ачык эле көрүнүп турду. Буга Свердлов РИИБнын кызматкери Бидинов алар кимдики туура, кимди туура эмес экенин териштирүүгө убактылары болбогонун, андыктан баарын бирдей кармашканын айткан. Мен кыздарды кармап кеткенден уялган жоксуңарбы десем, милдеттерин аткарышканын, уялышпаганын айтты.

Сот 17:00гө чейин тыныгуу жарыялады.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-мартына, саат 12:00гө белгиленген “аялдардын тилектештик жүрүшүн” ак калпакчан жана бет кап тагынган белгисиз адамдар таратып, кууп жиберген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх