Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктардын бардыгын “мырк” деп сөккөн бишкектик кыздын иши сотко жөнөтүлдү

Ал үй камагына алынган

Өзгөчө абал режими учурунда Бишкекте милиция кызматкерлерин ашата сөккөн жаш кыздын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектин Октябрь районунун РИИБнен билдиришти.

Айыпталуучу үй камагына алынган.

Эске салсак, 14-апрелде Бишкекте жаш кыз ызуу-чуу чыгарып, бет кап жана документи жогу үчүн токтоткон милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Кызууга алдырган кыз бир нече ирет “кыргыздардын бары мал, мырктар” деп жиберген

Аталган факт Октябрь районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кыздын аты-жөнү такталган. Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жаранга СИЗО- 1де 15 күндүк мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх