Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал. 25 адам ооруканага жаткырылды

Алар Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна жаткырылышкан

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстан менен Өзбекстан Республикасынын жарандарынын ортосундагы окуядан жабыркагандарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет: Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган жалпы 25 жаран келип түшкөн.

Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө, операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор. Бардыгы тең тиешелүү дарылануу курсун алууда.

Калган 21 жаран башатапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан. Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог жана травматолог жөнөтүлгөн. Алар кесиптештери менен биргеликте жаракат алгандарга жардам көрсөтүшүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх