Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ырайымсыз, мыкаачылык». Кичинекей күчүктү унаа тебелеп кеткен видео соцтармактардын колдонуучуларынын үшүн алды (видео 18+)

«Добрые Руки» фондунун өкүлү Лариса Слободская айдоочунун күнөөсү далилденсе, ал жазага тартылышы керек деп билдирди

Соцтармактарда кичинекей күчүктү унаа тебелеп кеткен видео кызуу талкууланып жатат. Видео @Black_list.kg инстаграм-аккаунтуна жүктөлгөн.

«Эртең менен Дордойдо унаасын токтотуп жаткан бир жигит күчүктү тебелеп, ошол бойдон таштап кеткен»,- деп жазган билдирүүнүн автору.

Видеодо жаныбар кыймылдабай, анын өлүү-тирүүсү билинбейт.

Абайлаңыз! Видеодо жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасалган көрүнүштөр бар!

Ал ортодо «Добрые руки» фондунун өкүлү Лариса Слободская Vesti.kg сайтына берген маегинде, видеодо айдоочу күчүктү атайылап тебеледиби же жокпу түшүнүксүз экенин билдирди. Эгерде, жаран атайылап тебелеп, күнөөсү далилденсе аны айып пулга жыгуу керек

- Адам ушунчалык кайдыгер болобу,- деди Слободская. - Бирок, бул жерде ал атайылап жасадыбы же жокпу түшүнүксүз болуп жатат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх