УКМКда иштеген күйөөсүн айтып, милиция кызматкерлерин коркуткан аял үй камагына чыкты
Ага чейин ал үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ага карата мунапыс колдонулду
Оштогу блокпостто «УКМКда иштеген күйөөсү» менен коркуткан аял үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Зарема Токтомушеван 3 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган. Бирок, ага мунапыс колдонулуп, үй камагына бошотулган.
Эске салсак, окуя Ош шаарындагы блокпосттордун биринде 31-мартта орун алган. Блокпосттон өтүүгө аракет кылган аял тартип коргоочуларын УКМКда иштеген күйөөсү менен коркуткан.
УКМК кийин териштирүү жүргүзүп, аялдын аты-жөнүн тактаган. Анын күйөөсү Ош шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыгер болуп иштей турганы аныкталган. Ал Ош шаары жана Ош облусу боюнча УКМКнын бөлүмүндө жарым ставкада иштеп келген. Токтомушеванын күйөөсү менен ал жактагы келишим 1-апрелде бир тараптуу жокко чыгарылган.
Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде “Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү жана коркутуу” беренеси боюнча катталып, тергөө жүрүп жаткан.
Фото www