Menu
RSS
Реклама Vesti

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түндө кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

  • жолу 520 кароо

Тажик тараптан белгисиз жарандар кыргыз жаранынын унаасына бир нече жолу ок чыгарышып, ал ооруканага түшкөн

Бүгүн, 2-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр орун алды.

Баткен облусунун Баткен районундагы Эки-Таш жергесинде болжол менен түнкү саат 1:20да тажик тараптан белгисиз адамдар Ош-Исфана жолу менен кетип бара жаткан 1982-жылы туулган Б.Б. аттуу Кыргызстандын жаранынын унаасына бир нече ок чыгарышкан.

Айдоочуга жеңил даражадагы ок тийип, Самаркендек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Эки тараптын укук коргоо органдары түн ичинде дароо жолугушуп, жеринде милиция кызматкерлери керектүү тергөө иш-амалдарын алып барышууда.

Саат 10:00гө карай бул кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында абал туруктуу.

фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх