Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Ленин РИИБнен уурулукка шектелген адам качты (фото)

Тергөө камагындагы адамдын качып кетишине жол берген милиция кызматкерлери боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө

Милиция эркек адамдын кайда экени жөнүндө маалыматы бар жарандардан 102 номуруна чалууну суранат

Бишкектин Ленин районунун РИИБнын № 2-шаардык милиция бөлүмүнөн тергөө камагындагы Турдубаев Бакыт Ташполотович качып кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шектүү 2020-жылдын 3-июнунда болжол менен 14:30да качканы белгиленди.

Ал КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча кармалган.

«Учурда жогоруда айтылган адамдын жүргөн жерин такап, кармоо боюнча ыкчам издөө жана иликтөө иш-чаралары уланууда», - деп билдирди Ленин РИИБнын басма сөз кызматы.

Качып кеткен адамдын белгилери:

Кара түстөгү көйнөк, кара шым жана кара түстөгү бут кийимчен болгон.

Бою 165-170 см, салмагы 65-70 кг, тармал чач, кара тору, арыкчырай дене түзүлүшүнө ээ.

Кандайдыр бир маалыматка ээ жарандардан милициянын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылып, төмөнкү телефон номурларына чалууну суранабыз: 0(312) 352-605, 0(312) 444-457, 0(700) 425-344 и 102.

Тергөө камагындагы адамдын качып кетишине жол берген милиция кызматкерлери боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Бишкек шаарынын Ленин районун РИИБнин басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх