Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мамашова: «Бишкекпарктын» дааратканасында 13 жаштагы кыз зордукталган

Парламент мүчөсү зордукчуну актап, эркиндикке чыгарган судья Айбек Эрнис уулуна нааразы

Биринчи май районунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкекпарк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы кызды зордуктаган 22 жаштагы адамды эркиндикке бошоткон. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖК депутаты Айсулуу Мамашова айтып чыкты.

- Мага 13 жаштагы кыздын апасы кайрылды, - деди эл өкүлү. - Бул судьянын атын баары билет - Айбек Эрнис уулу. Анын артында канчалаган чырлуу иштер турат. Ал «Бишкекпарктын» дааратканасында зордукталган кыздын жашоосуна чоң таасир тийгизди. Экспертизанын корутундусуна карабай ал 22 жаштагы эркек адамды актап, эркиндикке чыгарган. Ал бала мурда дагы, балдар лагеринде иштеп жүргөн маалда кыздарды зордуктаган экен. Чоң тааныштары бардыр? Судья ошону эске алып, бошотуп жибердиби, балким? Мен бул судьяга абдан нааразымын. Ыйман деген болуш керек да. Жаш балдарды зордуктаган адамдардын орду - түрмө.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх