Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Куюп койдуң беле эмне?". Милиция кызматкери жаранды сөгүп, андан соң ага спирт ичимдигин ичип келүүнү сунуштаган (видео)

Тасманын авторунун пикиринде тартип сакчысы мас абалында болгон

Социалдык тармактарда уят сөздөр менен сөгүнүп жаткан милиция кызматкеринин видеосу тарап жатат. Тасманы жаш жигит телефонуна тартып алган. Ал милиция кызматкерин мыйзамсыз кармадыңар деп, унаасындагы адамды бошотуусун талап кылган. Формачан адам аны сөгүп жиберген.

Офицерден спирт ичимдиги жыттанганын байкаган жаранга тартип сакчысы "Эмне, мага арак куюп койдуң беле, бар, жүз грамм ичип келчи", - деп жооп берген.

Видеонун автору укук коргоо органынын автору мас абалында деп болжогон. Жаран менен милиция кызматкеринин ортосундагы чыр эмне менен аяктаганы жана видео кайдан тартылганы да белгисиз.

Vesti.kg ИИМнин басма сөз кызматына бул боюнча кайрылып, алар окуянын чоо-жайын тактап, кийинчерээк маалымат беришерин убадалашты.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх