Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

УКМКнын маалыматына ылайык, ал муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган

2020-жылдын 4-июнунда УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Талас Мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу (МНБ) башкармалыгынын жетектөөчү адиси, 1991-ж.т. Ш.у.К. пара алып жаткан учурунда кармалды.

Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жердин ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Талас облусттук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх