Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто туугандары менен урушуп кеткен 15 жаштагы кыз 9-кабаттан секирип көз жумду

Өспүрүм дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгон

Кечээ, 10-июнда болжол менен 15:43тө Токмок ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 15 жаштагы кыз өз жанын кыйганы боюнча маалымат түшкөн.

Жерине барган тергөө-ыкчам тобу жашы жете элек өспүрүм кыз салынып бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан кулап, көз жумганын аныкташкан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Милиция кызматкерлери 15 жаштагы С.С. Токмок ШИИБде дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгонун аныкташкан. Кыздын атасы ага чейин кызын табууга көмөктөшүүнү суранып, арыз менен милицияга кайрылган. 2020-жылдын 7-июнунда кыз туугандары менен урушуп кетип, үйүнөн чыгып кеткен бойдон келген эмес.

Учурда тергөө кызматы тарабынан окуянын чоо-жайын аныктоо боюнча бардык керектүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх