Исхак Масалиев жеңил жол кырсыгына кабылып, күнөөкөрдү кечирип койду (фото)
«Жаш гвардиясы менен ылдый жай айдап бараткам. Бир жигит унаасы менен келип, эмнегедир менин унаамдын астына кирип кетейин деди»
ЖКнын мурдагы депутаты Исхак Масалиев жеңил жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, окуяны ырастаган сүрөт да жүктөгөн.
«Жаш гвардиясы менен ылдый жай айдап бараткам,. Бир жигит унаасы менен келип, эмнегедир менин унаамдын астына кирип кетейин деди. Аныкы туура эмес экенин түшүндүрдүм. Жол эрежелерин бузбай, этият айда дедим. Кечирип койдум», - деп жазган мурдагы парламент мүчөсү.
Билдирүүнүн алдына колдонуучулар өздөрү да ушундай абалга көп туш болушканын жазышып, айдоо маданиятын билбеген айдоочулар бар деп баш чайкашкан.
Фото www