Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта мойнуна дөңгөлөк илинип сабалган аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну суранды

Милиция ишти токтотпой турганын билдирди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мойнуна дөңгөлөк илинип сабалган аял 13-июнда эле тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну суранган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ОИИББнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Милициянын маалыматына ылайык, жабырлануучу күйөөсүн кечирип, ортодо балдарыбыз бар деп аны бошотууну суранган.

- Кылмыш иши токтотулбайт, анткени, ал фактынын негизинде козголгон, - деп такташты милицияда.

Ал 15 суткада камакка алынган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда желдей тарап жаткан видеону жарыялаган. Анда эркек киши аялынын мойнуна эки дөңгөлөк илип сабап жатканын көрүүгө болот.

Жалал-Абад облусунун ОИИББ эркек адамды Сузак районунун РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизген. Алгач иштин материалдары «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча ачылып, кийин «Кыйноого» которулган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх