Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерлери Ак үйдүн алдында аялдардын укуктарын колдоого чыккан митингчилердин плакаттарын айрып салышты (видео)

Тартип сакчылары муну Өзгөчө кырдаал учурунда массалык акцияларга тыюу салынганы менен түшүндүрүштү

Милиция кызматкерлери аялдарга карата зомбулукка каршы митингди өткөрүүгө тоскоолдук кылышууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына тынчтык чогулушунда катышкан активист Жанна Араева билдирди.

Анын айтымында демонстрацияа УКМКнын кызматкерлери келип, милиция кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө кырдаал режиминде митинг өткөрүүгө болбой турганын айтышып, аны токтотууга чакырышкан. Алар митингчилерди «чет элдик агенттер» дешкен.

- Биз азыр парламенттин имаратынын алдында турабыз, - деп тактаган Араева. - Бул жерде УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү турат. Алар өздөрүн тааныштыруудан, документтерин көрсөтүүдөн баш тартышты. Бизди камерага тартып, чет элдик агентсиңер деп жатышат. Митингди токтотууга аракет кылып, плакаттарыбызды тартып алышты. Өзгөчө кырдаал учурунда митинг өткөрүүгө болбойт дешти. Бирок, бир кишилик пикеттерге уруксат да. Биз дайыма сыймыктанган демократия жана сөз эркиндиги бизде эми жок экенин түшүндүк.

Нааразычылык акциясында 15ке жакын адам бар. Араева алар демонстрацияны токтотуу ниеттери жок экенин белгиледи.

Тактай кетсек, бир нече күн мурда интернет айдыңында күйөөсү аялынын мойнуна автоунаанын дөңгөлөктөрүн илип сабаган видео тарап, чоң коомдук резонанс жараткан. Бишкектик айрым активисттер аялдардын укуктарын коргоо боюнча митингге чыгууга чакырышкан.

Бүгүн жабырланган аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн кечиргени белгилүү болду.

Эльдос Казыбеков
Фото www
Видео Жанна Араева

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх