Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ала-ТВнын» негиздөөчүсү камакка алынды

Артур Халдаров радио жыштыктарды мыйзамсыз сатуу кылмыш иши боюнча коррупцияга айыпталууда

«Ала-ТВ» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Артур Халдаров кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кечээ ага КРнын Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген.

«Шектүү Артур Халдаровдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2020-жылдын 12-июлуна чейин Бишкектин № 1-Тергөө абагына киргизилди»,- деп такташты соттон.

Эске салсак, Аскер прокуратурасыц жана УКМК Байланыш мамлекеттик агенттигиндеги коррупция фактысы боюнча иликтөө жүргүзүшүүдө. Майдын ортосунда мекеменин мурдагы башчысы Наталья Черногубова кармалган. Тергөө байланыш агенттигинин жетекчилиги «Ала-Тв» компаниясынын радио жыштыктарын уюлдук операторлордун бирине саткан деп эсептейт.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх