Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

36 жаштагы кыргызстандык коронавирустан көз жумду. Ал базарда соода кылып иштечү

Ал эки тараптуу пневмонияга кабылып, оорусу күчөп кеткен

Кыргызстанда COVID-19 дагы бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтымында каза болгон эркек адам 36 жашта болгон. Бейтап абалы начарлаганда Жалал-Абад шаардык ооруканасына кайрылган.

- 1984-жылы туулган эркек адам 12-июнда Жалал-Абад облустук оорукасына кайрылган, - деп тактады Үсөнбаев. - Ага COVID-19 диагнозу коюлган. 11-июнда бул адам Бишкектен Жалал-Абадга тажыяга келген экен. Борбордо жүргөндө эле ооруп жүрүптүр. Эки тараптуу пневмонияга кабылып, оорусу күчөп кеткен. Бардык аракеттерге карабай, кечээ бейтап каза болуп калды.
Маркум борбор калаадагы базарлардын биринде жер-жемиш сатып иштегени кошумчаланды.

Үсөнбаев маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх