Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кызганычтан чогуу жашаган адамы мойнуна бычак сайып жиберген аял 4 литрге жакын кан жоготкон

Барымтага түшүп, бычак жеген аял жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулду

Кечээ чогуу жашаган адамы барымтага алып, бычак сайын жиберген аял оор абалда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында аялдын мойнуна жана далысына бычак сайылган.
- Азыр ал реанимацияда, абалы өтө оор, - деди башкы дарыгер. - Өз алдынча дем ала албай, жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. Кан басымы өтө төмөн.

Ооруканадан ошондой эле жабырлануучу төрт литрге жакын кан жоготконун маалымдашты.

Эске салсак, Бишкекте эркек киши чогуу жашаган аялды барымтага алып, аны менен кошо эки милиция кызматкерине кол салган.

Окуя кечээ борбор калаанын батыш бөлүгүндө, шлагбаум жакта орун алган. Милициянын маалыматына ылайык, эркек адам аялды кызганып, көчөдөн бычак сайганга аракет кылган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх