Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта аялын кордогон кишинин иши сотко жөнөтүлдү

Кечээ ишти тергөө аягына чыкты

Сузак районунда аялынын мойнуна дөңгөлөк илип кордогон адамдын иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ОИИББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg социалдык тармактарда желдей тарап жаткан видеону жарыялаган. Анда эркек киши аялынын мойнуна эки дөңгөлөк илип сабап жатканын көрүүгө болот.

Жалал-Абад облусунун ОИИББ эркек адамды Сузак районунун РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизген. Алгач иштин материалдары «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча ачылып, кийин «Кыйноого» которулган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат

Кийин аял тосмо арыз жазып, күйөөсүн бошотууну суранган. Бирок, Жалал-Абад облусунун ОИИББ сотко чейинки өндүрүш токтотулбасын Vesti.kg сайтына билдирген.

Ишти тергөө кечээ, 17-июнда аягына чыккан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх