Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун мурдагы жардамчысы видеодо сабалган адам менмин деди

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Кимсанов аны штаттык кийимчен эки киши сабап, дагы эки адам телефонго тартканын айтканын билдирди

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс- орун басарынын мурдагы жардамчысы Эмилбек Кимсанов СИЗО-1де кыйноого кабылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Динара Саякова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 18-июнда алар Бишкектеги СИЗО-50ге барып, Кимсанов менен баарлашышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал штаттык кийимчен эки кызматкер аны сабап, форма кийиген дагы эки адам окуяны телефонго тартышканын айтып берген.

- Эмиль Кимсанов 4-апрелде сабалганын айтты, - деди Саякова. - Ал Улуттук борбдордун кызматкерлери аны менен баарлашууну каалашканын билген эмес. 13-майда мен СИЗО-1ге барып, Кимсанов менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүнү сурангам, бирок, изолятордун жетекчилиги ал биз менен маектешүүдөн баш тартты деп коюшкан. Бул чектен чыккан мыйзам бузуу, бизди алдап коюшуптур демек.

Мындан сырткары Саякованын айтымында Кимсанов СИЗО-1дин кызматкерлеринин кысымы менен медициналык жардамдан баш тарткан. Бүгүн болсо Улуттук борбордун кызматкерлерине сүрөт тартууга мүмкүндүк бербөө аракетин дагы көрүшкөн.

- Улуттук борбордун жеке буюмдары, сумкалары, документтери тинтүүгө алынбайт, алардын буга укуктары жок, - деди ал.

Жакынкы аралыкта Саякова Башкы прокуратурага арыз менен кайрылмакчы.

Эске салсак, кечээ-жакында интернетте Раимбек Матраимовдун мурдагы жардамчысы Эмилбек Кимсанов экени айтылган адамдын сабалып жаткан видеосу тараган. Эртеси ЖАМКнын басма сөз кызматы видео жасалма болушу мүмкүн экенин Vesti.kg сайтына айтышкан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх