Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортуна кеткен жолдо велосипедчен эки жаранды автоунаа сүзүп кетти (видео)

Окуянын күбөсү алардын бирөө мүрт кетип, экинчиси кансырап жолдо жатканын билдирди

Бишкек — аэропорт «Манас» жолунда велосипед тээп бараткан эки жаранды автоунаа сүзүп кетти. Тийиштүү видео Oppa.kg сайтына жүктөлдү.

Окуянын күбөсү алардын бирөө мүрт кетип, экинчиси кансырап жолдо жатканын билдирди.

«Тез жардам жарым саттан бери келбей жатат. Велосипедчендерди сүзгөн унаа 500 метрден кийин мамыга урунуп анан токтоду», — деп билдирген окуянын күбөсү.

Фейсбук колдонуучулары жабыркагандарды таанышкан.

«Евгений менен Илья, — деп жазган Байкал Малдыбаев аттуу колдонуучу. — Велоспорттун ветерандары. Аудинин мас айдоочусу балдарды сүзүп, качуунун аракетин көрүп, алардин биринин велосипедин 200 метрге чейин сүйрөп барып, жол белгисине урунган. Илья каза болуп калды! Женя оор абалда».

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх