Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Пневмониядан көз жумган ӨКМнын үч кызматкерин үйдөн дарыланууга жиберип коюшкан

Аскердик укук коргоочу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин дагы деле өз ооруканасы жок экенин эске салды

ӨКМдин үч кызматкерин үйдө дарыланууга жиберип коюшкандан кийин пневмониядан каза болуп калышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына алардын мурдагы жетекчиси, өрт өчүрүү кызматынын экс-директору, запастагы полковник Жаныбек Иманов айтып берди.

Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үч кызматкеринин - Мухаметалы Жантаев, Анварбек Иманбаев жана Нурлан Токсунбаевдин көз жумганын билдирген.
Бишкек шаарынын мамлекеттик өрт өчүрүү бөлүмүнүн № 3 аскердик бөлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, майор Нурлан Токсунбаев 28-июнда көз жумган, ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Ыкчам аракеттенүү башкармалыгынын 112 диспетчердик кызматынын башысы, Мухаметалы Жантаев – 29 июнда, ал эми ӨКМнин ардактуу кызматкери, Гидрометереология агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун жетекчиси Анварбек Иманбаев 2020-жылдын 30-июнунда каза болгон.

- Үчөөнө тең «пневмония» диагнозу коюлган, - деди Иманов. Биз аларда коронавирус болгонбу так билбейбиз, бирок, ооруканага барышканда үйдөн дарылангыла деп коюшуптур. Бир жума үйдө жатып, үйлөрүнөн эле кете беришти.

Аскердик пенсионер, отставкадагы полковник Анвар Сартаев ӨКМнин адистештирилген ооруканасынын жоктугу да мындай кайгылуу кесепеттерге алып келип жатканын белгиледи.

- Беш-Күнгөйдөгү аскердик госпиталда азыр жарандарды дарылашууда, бирок, ӨКМдин өзүнүн госпиталы такыр жок, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Мыйзам боюнча болушу керек жана мекеменин ар бир аскер кызматкеринин дарылануусуна каражат бюджетте каралган, бирок, аскердик мекемелердин жетекчилери медициналык жайды түзүүнү өздөрү камсыздашы керек. ӨКМ жетекчилиги аскердик госпитал караштуу болгон КРнын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет менен сүйлөшүү да жүргүзүшкөн эмес.

Анвар Сартаев аскер кызматкерлерди дарылана алгыдай Улуттук аскердик госпиталды түзүү боюнча канча жылдан бери эшиктерди каккылап жүргөнүн айтып кейидип.
- Мен каза болгон балдарды таанычумун, абдан жаман болдум, - деди отставкадагы полковник.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх