Menu
RSS
Реклама Vesti

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаардык ооруканасынын 3-кабатынан коронавируска чалдыккан келин боюн таштады

  • жолу 589 кароо

Алган жаракаттарынан ал окуя болгон жерде көз жумган

Кечээ, Ош шаардык ооруканасынын үчүнчү кабатынан коронавируска чалдыккан 1986-жылкы келин боюн таштап жиберген. Бул тууралуу түштүк калаанын ШИИБы билдирди.

Аял алган оор жаратынан окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркум 1986-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.


Ош ШИИБнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Ой-пикир кошуңуз


Наверх