Тунисте жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык коло медалга ээ болду
Турнирге 59 мамлекеттен 600дөн ашуун спортчулар катышты
Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Адилет Камчыбеков жана Арстанбек Базаркулов Тунис шаарында 18-20-март күндөрү өткөн Гран-при турнирине катышты. Маалымат Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин расмий сайтында берилген.
Адилет Камчыбеков диск ыргытуу боюнча коло медалга ээ болду. Ал ошондой эле F-42 тобунда (туруп) найза ыргытууда 7-орунду, атуу менен 5-орунду ээледи.
Мындан тышкары, Арстанбек Базаркулов F-34 тобунда (коляскада) найза ыргытуу боюнча оюн көрсөтүп, 8-орунду, ок атуу боюнча 7-орунду, диск ыргытуу боюнча 4-орунду ээледи.
Дастан Советбеков
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз