Ош шаардык ИИБсынын убактылуу кармоочу жайында жаран асынып алууга аракет кылган. Милиция кызматкерлери аны жасалма дем алдыруу менен куткарып калышты
Орус өз жанын кыюу максатында ич кийиминен аркан жасаган
Бүгүн, 9-апрелде таңкы саат 6:30 чамасында Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында шектүү өз жанын кыюуга аракет кылган.
Киши ич кийиминен аркан жасап, жылуулук түтүгүнө илип, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Аны постто турган милициянын прапорщиги Жанарбек Ибрагимов байкап калып, дароо бөлүмдүн нөөмөтүнө билдирди.
Натыйжада, милициянын подполковниги Жылдызбек Макамбаев жана күзөтчү Жанарбек Ибрагимов эс-учун жоготкон шектүүнү колу менен жасалма дем алдырып, анын өмүрүн сактап калышты. Ал тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.
Учурда шектүүнүн абалы туруктуу. Ал дарылоо мекемелеринин биринде дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Кылмышка шектүү 29 жашта, Токтогул районунда туулган, Россия Федерациясынын жараны. Ал ири өлчөмдө баңгизат сактаган деген шек менен кармалган.
Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www