Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал кантип башталды
КР УКМКнын чек ара кызматы билдиргендей, кырдаалды курчутууга тажик тарап түрткү болгон
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы социалдык тармактарда жарыяланган тажик тараптын алыскы калктуу конуштардан атайын алынып келинген жана этностор аралык чыр-чатакка чакырылган Кыргызстандын жарандарынын болжолдуу чагымчыл аракеттери жөнүндө маалыматы, чек арадагы иштин чыныгы абалын толугу менен бурмалайт.
Бир күн мурун, 28-апрелде "Башкы суу бөлүштүргүч" аймагында болгон окуяны Тажикстандын жарандары чагымчылдык менен уюштурушкан.
Ошентип, 28-апрелде Ак-Суу дарыясынын жээгинде, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгынан 3-4 метр алыстыкта, Тажикистан Республикасынын жарандары шагылдарды жүктөөгө аракет кылышкан.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы эки мамлекеттин айыл өкмөт башчылары бул маселе боюнча бир пикирге келгенге чейин ишти токтото турууну талап кылышты. Бирок, Тажикстандын жарандары кыргыз чек арачыларынын талаптарын этибарга албай, жүктөрдү жүктөөнү улантышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы курал колдоноорун эскертти. Андан кийин гана коңшу мамлекеттин жарандары артка чегинип, ишин токтотушкан.
Кийинчерээк, "Баш суу бөлгүч" участогунун аймагында тажик тарап электр зымынын тирөөчтөрүнө видеокөзөмөлдөөчү камераларды орнотууну баштады. Экинчи видеокамераны орнотуу учурунда окуя болгон жерге келген КР УКМКнын СС чек ара отряды жана Баткен ОИИБдин кызматкерлери видеокамераларды орнотууну токтотууну талап кылышкан.
Түнкү саат 12.25 чамасында Ходжаи Ало (РT) айылында мергенчилик мылтыктан ок атылган.
Тараптардын жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Кыргыз тарап орнотулган видеокамераларды демонтаждоону талап кылды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бир пикирге келе алышкан жок.
Кийинчерээк башкы суу алгыч аймагына келген Кыргызстандын чек ара аймагынын тургундары видеокамера орнотулган мамыны кыйып башташкан.
Жаңжал болгон жерде эки тараптан болжол менен 100-150 адам чогулган. Жарандардын тирешүүсү таш ыргытууга айланган.
Чек ара кызматы өз ара аракеттенип жаткан бийлик органдары менен биргеликте жаңжалдын курчушуна жол берген жок. Таш ыргытуу учурунда Кыргызстандын үч жараны денесине ар кандай жаракаттарды алышкан.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн акыркы сүйлөшүүлөрүндө коңшу мамлекеттин өкүлдөрү Тажикстандын беш жараны денесине ар кандай жаракаттарды алышкандыгын билдиришти: төртөө таштардан көгөргөн, бирөө мергенчилик куралдан (мылтыктан) жаракат алган деп айтылды.
Белгилей кетсек, окуя учурунда Кыргыз Республикасынын жарандары курал колдонушкан эмес.
Акыркы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап орнотулган видеокамераларды демонтаждоого макул болгон, бирок убадалар али аткарыла элек.
Гидротехникалык курулуш Тажикстан Республикасы менен толугу менен байланыштуу, ал эми Кыргызстандын жарандары бул курулушту бир тараптуу ээлеп алышкан деген тажик тарап тараткан маалымат чындыкка дал келбейт.
Ушул сыяктуу билдирүүлөр менен учурдагы кырдаалды жөнгө салуунун ордуна, тажик тарап кырдаалды курчутуп, эки мамлекеттин чек ара аймактарынын отурукташпагандыгы ортосундагы диалогго келишпестик киргизүүдө.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы тажик тарапты чек арада болуп жаткан окуяларга объективдүү баа берүүгө жана чагымчылдыкты кескин басууга чакырат.
КРнын УКМК Чек ара кызматы
Сүрөт www