УКМК Кумтөр боюнча иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары менен бөлүштү
1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы стадияда турат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кумтөр алтын өндүрүү ишканасынын кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Бүгүнкү күнгө чейин тергөө, Камеко жана Центерра компанияларынын канадалык инвесторлору менен кызматташуу учурунда келишим тузуудо жана аны толуктоодо ири өлчөмдөгү коррупция болгонун чогултулган далилдер тастыктап жатат, жана алардын шарттары Кыргызстан элинин түпкү кызыкчылыктарына жооп берген эмес деген жыйынтыкка келди.
Ошентип, 1992-жылы башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча экс-президент Аскар Акаев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргызалтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов сот жообуна тартылган, ал эми Борис Бирштейн издөөгө алынган.
2003 -жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция үчүн экс -президент Акаевге да кылмыш иши козголгон, анткени бул реструктуризациядан улам Кыргызстандын Центеррадагы үлүшү ашкере томондотулуп 33,33%ды гана түзгөн.
Тергөө ошондой эле 2009 -жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык фактыга юридикалык баа берген. Анда 1992, 1994,2003 -жылдары түзүлгөн келишимдердин шарттарынын начар экенине карабастан, өлкөнүн жогорку кызматындагы адамдар Центерра компаниясынын кызыкчылыгын улуттук кызыкчылыктан жогору коюп, бул компанияга чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берген, андан улам республиканын экологиясына жана экономикасына зыян келтирген.
Ушуга байланыштуу, бул иш боюнча экс-премьер-министр Игорь Чудиновго жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алмазбек Жакыповго жана Мамлекеттик геология жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директоруна кылмышка шектүү катары билдирүү тапшырылды. Энергетика жана өнөр жай министрлиги К.Курманалиев, Директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев, инвестордун өкүлү А.Сазанов, экс -президент К.Бакиев жана анын уулу М.Бакиев издөөдө салынды.
Кошумчалай кетсек, 2012-2014-жылдары Центерранын кызыкчылыгы учун өлкөгө зыян алып келди деп аныкталган фактыларга байланыштуу мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, спикер жана парламент депутаттары Асылбек Жээнбеков, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков, Исхак Пирматов, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлдөрү Данияр Нарымбаев менен Динара Молдошева жоопко тартылды.
Тергөөдө аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен тергөө Башкы прокуратура менен биргеликте келишимди денонсациялоо процессин баштады.
Ошентип, 1992-2009-жылдардагы эпизоддорду иликтөө акыркы стадияда турат. Ошол эле учурда, 2017 -жылы Кумтөр долбоору боюнча кийинки келишимдерди түзүү жана кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тергөө улантылып жатат, ошондой эле тиешеси бар адамдардын аракеттери боюнча укуктук баа берилет.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт Vesti.kg