Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лейлек районунда жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды

Чек арачылар Кыргызстандын жаранын жана эки унааны кармашты

Кечээ Баткен облусунун Лейлек районунун Майты аймагында жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү чек арадан 500 метр аралыкта чек арачылар менен УКМКнын кызматкерлери эки жүк ташуучу машинаны жана бир нече жаран кыргыз номурлуу машинадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөп жатканын байкашкан. Окуя болгон жерге чек арачы келери менен алар качып кетишкен. Чек арачылар тарабынан Кыргызстандын бир жараны - Кулунду айыл округунун тургуну Н.Б. жана эки унаа кармалды.

Тажик номурлуу унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы 29 миллион сомдон ашык болгон.

Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жаран, аткезчилик жүк жана транспорт каражаттары кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх