Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москванын борборунда мушташ уюштурган кыргызстандыктар бошотулат

Айрым жарандардын административдик укук бузуулары бар экени аныкталды

Москвада мушташ үчүн кармалган Кыргызстандын 12 жараны бошотулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, айрым жарандардын административдик укук бузуулары бар экени аныкталган.

Учурда укук коргоо кызматкерлери административдик протоколдорду түзүшүүдө, андан соң алар кыргыз жарандарын бошотууга убада беришти.

"Консулдук кызматкерлердин өз ара аракети менен, тиешелүү процедуралары аткарылып, административдик протоколдор түзүлгөндөн кийин, бардык жарандар бошотулат", - деп айтылат департаментте.

Эске сала кетсек, орусиялык маалымат каражаттарына ылайык Москванын борборундагы үйлөрдүн биринин короосунда мушташ уюштурган Кыргызстандын 12 жараны кармалганы тууралуу кабар тараган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх