Ысык-Көлдө жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам көз жумду
Он адам ар кандай жаракаттарды алышкан
Ысык-Көлдө Mercedes-Benz Sprinter жана "MAN" жүк ташуучу унаасы сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кырсык Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 172-чакырымында болгон",-деп билдирет башкармалык. Жүргүнчү ташуучу унаада болжол менен 15 адам болгон, анын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял), 10 адам ар кандай жаракаттарды алды. Каза болгон жана жабыркаган жарандардын аты-жөнү такталууда.
Маалыматка ылайык, жерине Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз