Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кымбат курорттордо эс алышкан». Батир карактоо менен алектенген топ кармалды

Кылмышкерлер уурдалган акчага машина дагы сатып алышкан

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери батир уурулугу жана мал уурулугу менен алектенген топту кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган адамдар Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын аймагында 20 дан ашык уурулук кылган деп шектелүүдө. Анын ичинде Ысык-Көл районунда коттедждердин биринде уурулук жана Түп районунда мал уурулук бар. Көбүнчө уурулар акчаны жана баалуу буюмдарды, чөнтөккө же баштыкка оңой бата турган нерселерди алышкан. Көлөмдүү жана оор нерселерди алып кеткени сейрек кездешкен. Алар эч жерде иштебеген, бирок курорттордо эс алып, ырахаттанып шаңдуу күн өткөрүшчү. Бирок, алар эс алган жеринде дагы өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин уланташып, пансионаттагы коттедждердин биринде кошуна бөлмөгө уурулук кылышкан. Жакында өздөрүнө машина сатып алышкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалды:
- 1999-жылы туулган жаран Т.М., Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, Ал өзү жашаган айылынан үйүндө кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- 1999-жылы туулган жаран Ж.М., Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, Бишкекте кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- 2000-жылы туулган жаран С.А., Балыкчы шаарынын тургуну, мурда соттолгон. Ал Балыкчы шаарында кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- 2000-жылы туулган жаран Б.А., Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну. Бишкек шаарынын жаңы конуштардын биринде кармалган.

Азыркы учурда кылмыштын башка шериктерин кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Маалым болгондой, уурулуктун башка фактылары дагы бар, алар кармалган топтун катышуусунда болгон.

Учурда бардык фактылар иликтенүүдө.

Шектүүлөрдүн бирине таандык Mercedes-Benz-E230 автоунаасы текшерүүгө алынган. Автоунаа далил катары алынып, ички иштер органдарынын унаа токтотуучу жайына киргизилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх