Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асан Абетеков дүйнөдөн кайтты

Ал жүздөн ашуун илимий макалалардын автору болгон, алардын бири ЮНЕСКОнун көп томдугуна кирген

15-августта 83 жашында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асан Абетеков дүйнө салды.

Асан Абетеков 1938-жылы 17-апрелде Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айылында (азыркы Бөкөнбаев айылы) туулган.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

1966-1972 -жылдары Асан Кемелович Кыргыз ССРдин Илимдер Академиясынын Тарых институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.

1972-92-жылдары СССР ИАнын Орто Азия жана Казакстан археологиясынын проблемалары боюнча илимий координациялык советинин мүчөсү, «Орто Азия археологиясынын ийгиликтери» журналынын жооптуу секретары, СССР маданий фондунун Кыргыз башкармалыгынын төрагасынын орун басары,

1992-95-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын башкы адиси, 1995-жылдан КРнын УИАнын «Манастаануу» жана көркөм маданиятынын улуттук борборунун улук илимий кызматкери, Ж. Баласагын атындагы КУУнун доценти.

Асан Кемелович Түштүк Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдунунда (Хакасия), Энесай жээктеринде жана Кыргазстандын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун сак, усун, гун жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археологиялык эстеликтерин казып изилдеген.

Асан Абетеков 1964-жылы Кара-Балта айылында усундардын калдыктарын ачып , алар көчмөн уруулар гана болбостон, отурукташып жашап жер иштетүү менен да кесип кылган, комплекстүү чарбасы бар байыркы элдерден болгондугун, ошондой эле Кочкор өрөөнүндөгү «Бугучу», «Куренкей», «Албанжыга» эстеликтерин изилдеп, ал жерден ачылган монументалдуу «коргон» архитектурасын, өлүктү коюу ырым-жырымын биздин заманга чейин 5-3-кылымда Теңир-Тоодо жашаган тиграхауда-сак урууларынын маданиятына таандык экендигин далилдеген. 

Абетеков жүздөн ашык илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору болгон (анын ичинде ЮНЕСКОнун көп томдук "Борбордук Азиянын цивилизациясынын тарыхы" деген көп томдуу макалага кирген).

Асан Кемелович Ленинграддагы Мамлекеттик Эрмитажда Бүткүл союздук жана эл аралык резонанс жараткан "Кыргызстандын маданияты жана искусствосунун эстеликтери" көргөзмөсүнүн уюштуруучусу болгон.

Билиминин, илимий изилдөөсүнүн жана ишке болгон профессионалдуу мамилесинин аркасында Асан Абетеков кесиптештери менен замандаштарынын арасында татыктуу урмат-сыйга жана авторитетке ээ болду.

Асан Абетековдун жаркын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сактала бермекчи. Орду толгус жоготуунун кайгысын жана ачуусун тең бөлүшөбүз жана маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Марипов У.А., Касмамбетов С.С., Абыкеев Ч.А., Бакашова Ж.К., Касымалиев А.А., Койчиев А.К., Букуев М.О., Купешев Б.Д., Байтерек Г. .Ж., Джуматаев М.С., Шадыханов К.Т., Омуров Н.К., Джусупбеков К.С., Джусупбеков К. .Ж.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх