Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду

Унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жаракат алгандар бар

Бүгүн, 19-августта Нарында жол кырсыгынын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ат-Башы районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында “Ford Mondeo” унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 1986-жылы туулган У.Б. каза болуп, эки эркек киши- 1985-жылы туулган Т.Т. жана 1986-жылы туулган  И.А. ар кандай жаракат алышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, окуя болгон жерге №45 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган жарандар Ат-Башы райондук ооруканага жеткирилген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх