Ымыркайды дааратканага таштаган 18 жаштагы кыз баланын атасы тарабынан зордукталганын айтты
Соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы турак үйдүн короосунда жаңы төрөлгөн баланы дааратканага таштап кеткен 18 жаштагы кыз буга чейин баланын атасы тарабынан зордукталганын айтты. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
"Кыз белгисиз Б. аттуу жигит тарабынан зордукталып, кош бойлуу болгон", - деп билдиришти башкармалыктан. Анын негизинде иштин материалдары Бишкекке жөнөтүлөт.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча ишке укуктук баа берилери көрсөтүлгөн.
Эске салсак, турак үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Баланы чыгарып, ооруканага жеткиришкен. Учурда анын абалы канааттандырарлык.
Сүрөт www