Оозго алгыс сөздөрдү айтып, башка унаадагы аялга күч колдонгон айдоочу кармалды (фото)
Сотко чейинки өндүрүш иштери башталды
Бишкекте башка унаадагы аялга оозго алгыс сөздөрдү айтып, күч колдонгон айдоочу кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө 2021-жылдын 23-августунда Майевка айылында, турак үйлөрдүн биринин жанында, 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз адам Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, башка унааларга жол бербей, жаш балдар бар экенине карабай өзүн агрессивдүү көрсөткөн айдоочу тууралуу билдирүү келип түшкөн",- деп белгилейт бөлүмдө.
Ошондой эле ал оозго алгыс сөздөрдү айтып, окуяны видеого тартып жаткан К.К. аттуу аялдын уюлдук телефонун күч колдонуу менен тартып алууга аракет кылган.
Бул факты Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринене 266-берене (Бейбаштык) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1993-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаранды аныктап, кармашкан. Ал Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.
Фото www