Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көңүл бургула! Военно-Антоновкада жашы жете элек эки кыз жоголду (сүрөт)

Курбу кыздар 14-ноябрда үйдөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес

Сокулук РИИБи 14-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Военно-Антоновкадагы айылдан үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 2006-жылы туулган Иманказы кызы Зыйнат жана анын курбусу 2006-жылы туулган Замирбек кызы Айсезимди издеп жатат.

Иманказы кызы Зыйнат

Белгилери: бою 155 смдей, көздөрү кууш күрөң, чачы узун кара, арык денелүү, бети сүйрү кара.

Өзгөчө белгилери: оң колдун сөөмөйүндө тырыгы бар.

Кийген кийими: кочкул жашыл кышкы куртка, ак джинсы шым, кара кроссовка.

Замирбек кызы Айсезим

Белгилери: бою 150 смдей, көздөрү күрөң, чачы узун кара, орто дене түзүлүштө, бети сүйрү жарык.

Өзгөчө белгилери: оң жагында мурундун кичинекей меңи бар. Кийими: сезон боюнча.

Дайынсыз жоголгондор тууралуу маалыматы барларды Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-75-67, 0 (700) 63-63-00, 0 (701) телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранабыз. 80 -18-03.

Чуй РИИБнин маалымат кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх