Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусиялык блогер бекер жеткиргенге макул болгон кыргызстандык таксистке унаа белек кылды (видео)

"Жакшылык кайтып келет. Сенин унаан ижарага алынса, биз сага дал ошондой унаа сатып алдык"

Белгилүү орусиялык блогер Хусейн Хасанов кыргызстандык таксистке бекер жеткиргени үчүн унаа белек кылды. Блогер тиешелүү видеону Instagram социалдык тармагындагы баракчасында бөлүштү.

Хасанов абоненттерге бекер жеткире турган таксистке машина берем деп айткан. Бир нече айдоочулар жеткиргенден баш тартышкан. Акыры алардын бири макул болду. Кыргызстандык болуп чыкты.

«Менин эки балам бар - бир кыз жана бир бала. Кызыма операция жасатыш керек. Ал  кулагы ооруйт. Бир кулагы укпайт, - деди таксист.

Хусейн Хасанов акча табуу үчүн кыргызстандык жаран ижарага алгандай маркадагы автоунааны белекке берүүнү чечти.

"Жакшылык сага кайтып келет. Сен унааны арендага алып айдайм дедин. Биз салонго сага ушундай унаа алганы келдик, - деди ал таксистке.

Унаа белекке алганына кыргыз жараны көз жашын тыя албай жатты.



Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх