Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дайынсыз жоголгон 9 жаштагы Сумая дарыянын жанынан жансыз денеси табылган. Окуучу кыз каза болгон

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып жатканын ИИМ билдирди

9 жаштагы Сумая Хосилжонова боюнча кылмыш иши кайрадан «Киши өлтүрүү» беренесине квалификацияланды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, сөөктү жана окуя болгон жерди карап чыккандан кийин тергөө беренени "Киши өлтүрүү" беренесине өзгөрткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин Сузак районунун тургуну милицияга кайрылып, 2012-жылы туулган кызынын саат 12:40та мектепке кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирген.

Сумайды издөөгө 63 милиция кызматкери, 250 элдик күзөт, 150 ыктыярчы тартылган. Мындан тышкары ыктыярчылар атчан талааларды, чет жакаларды тарашты. 29 видеокамеранын жазуулары текшерилген, бирок алардын бири да кызды жаздырган эмес.

27-ноябрда укук коргоо органдарына балыкчы телефон чалып, Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына жакын жерде кыздын жансыз денеси калганын билдирген. Сумайдын денеси сырткы кийими жок табылган. Денеден зордук-зомбулуктун издери табылган эмес, бирок окуя болгон жерди кароодон кийин кыз өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып жатат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх