Кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону Канатбек Сыдыгалиев каза болду
Спортчу болгону 44 жашта болчу
Кикбоксинг боюнча Евразия чемпиону Канатбек Сыдыгалиев дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбоксинг федерациясы билдирди.
Спортчу 44 жашта болчу.
Канатбек Сыдыгалиев - 1999 жана 2000-жылдары кикбоксинг боюнча Евразиянын чемпиону, 2000-жылы Европа чемпионатынын коло байге ээси, 1999 жана 2001-жылдары Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, 2003-жылы Дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси, 2-жылы Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, 2-жылы Европа чемпиону. 2003-жылы профессионалдар арасында, 2004-жылы профессионалдар арасында континенттер аралык чемпион.
Сыдыгалиев Hermes Profi клубунун курамында бир катар беттешүүлөрдө жеңишке жетишкен: Кыргызстан – АКШ, Кыргызстан – Улуу Британия, Ливан – Кыргызстан жана башкалар.
Сүрөт www