Ош облусунда жер титирөө катталды
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, Ош облусунун тургундары 23:41де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөнү сезишти.
Мындан тышкары, Алай районунун Нура айылында жер титирөө катталды.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз