Айдоочу окуучу кызды сүзүп кеткен
Азырынча ал табыла элек
Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде айдоочу жашы жете элек кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.
Видеодо мектеп окуучусу жөө адамдар өтүүчү жерден жолду кантип кесип өткөнү тартылган. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткенин, азырынча табыла электигин борбор калаанын ПМКсы билдирди.
Жабырлануучунун кандай абалда экени азырынча белгисиз.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз