Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Коомдук транспорт жарнактардан тазаланат

Транспорттук ишканалардын жетекчилерине бригадирлер менен инструктаж өткөрүү тапшырылды

Жакында Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде директор Максат Нусувалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өттү.

Катышуучулар коомдук транспорттун айдоочуларынын эстетикалык көрүнүшүн жана тейлөө маданиятын, коомдук транспорттордогу кырсыктарды жана кыймылдуу курамдын санитардык абалын талкуулашты.

Мындан тышкары автобустарды жана троллейбустарды накталай эмес жол кире менен электрондук билетке өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Мекеменин жетекчилиги биринчи кезекте муниципалдык транспорт берилээрин, андан кийин жеке кыймылдуу состав пландалып жатканын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча шаардык каттамдар боюнча жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруучу транспорттук ишканалардын жетекчилерине (менчигинин түрүнө карабастан) жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жогорулатуу максатында бригадирлерге тапшырмалар берилди, ошондой эле жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн маданиятын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, бардык транспортту бир ырааттуулукка келтириш керек: бир айдын ичинде жарнактарды алып салуу жана аны жаңылоо боюнча чараларды көрүү.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх