Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттин кекиртегин кесебиз деп коркутушкан. КР ИИМ иликтөө иштерин баштады

Сириядагы мекендешке карата коркутуулар боюнча ишти ИИМдин атайын бөлүмү иликтеп жатат

Бүгүн журналист Айбек Нур Nazarnews телеканалына берген маегинде Сирияда жүрөт деп болжолдонгон экстремисттик маанайдагы мекендешибиз тарабынан ага карата коркутуулар тууралуу айтып берди. Социалдык тармакта бейтааныш адам Кыргызстанга келем деп коркутуп, диний фанатизмди айыптаган журналисттин кекиртегин эл алдында кесип салам деп билдирген. Айбек Нур Ички иштер министрлигине кайрылганын айтты.

Ал эми Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторовго кайрылды.

«Чындыгында эле 2022-жылдын 28-майында журналист Айбек Нур социалдык тармактардагы жеке баракчасы аркылуу ИИМге коркутуп-үркүтүүлөр болуп жаткандыгы боюнча кайрылган», - деди Оторов. «Анын социалдык тармактардагы кайрылуусунан кийин ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча атайын бөлүмү бул ишти иликтеп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Ислам Жолдошов
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх