Ташкентте кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланышты
Жыйындын алкагында иш-чаранын катышуучуларына «Ыйык тил» төш белгилери тапшырылды
Жакында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Муса Жаманбаев менен «Кыргыз тили» коомунун президенти Райымжан Курбановдун катышуусунда кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча жыйын болуп өттү. .
Иш-чарага Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун төрагасы Рахматулла Жаббаров, Өзбекстан-Кыргызстан достук коомунун директору Зухриддин Исомиддинов жана Өзбекстанда жашаган кыргыз диаспорасынын башка өкүлдөрү да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Муса Жаманбаев кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Райымжан Курбановго жана мекендештерге эне тилди үйрөнүп, анын ролун чыңдоого, чет өлкөлөрдө жайылтууга жасаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Жыйындын алкагында Райымжан Курбанов республикалык коомдун атынан катышуучуларга кыргыз тилин изилдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн «Ыйык тил» төш белгилерин тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз адабиятынын белгилүү инсандарынын ырлары да угулуп, улуттук маданиятты өнүктүрүү, чет жерде жүргөн мекендештер арасында эне тилди сактоо маселелери талкууланды.
Мындан тышкары кыргыз тилиндеги китептердин бет ачары болду.
Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү
Сүрөт Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү